Menu

УКМК: Бишкек шаардык мэриясынын кызматкери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды

Бөлүшүү:

КР УКМК ККК жер мыйзамын сактоо максатында коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылууга багытталган иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм кызматкерлери жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган факт аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм башчысы А.Н. коомдук фонддордун биринин мүчөлөрүнүн ишенимине кирип, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Калыс-Ордо конушунан 7,2 га участокту жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз бөлүп берүү максатында 2 млн.сом өлчөмүндө акча каражатын алган.

Жана ошондой эле, бөлүм башчы А.Н.жеке кызыкчылыгын көздөп, өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен расмий документтерди жана Бишкек шаардык мэриясынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жасалма колун коюп, ошондой эле,бул жасаган иш- аракеттери мыйзамсыз экенин билип туруп, жерди бир категориядан башка категорияга которууга аракет жасаган.

Бул факт боюнча Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм башчысы А.Н. жана КР жараны С.А. КР УКМК Тергөө камак жыйынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында башка адамдардын катышуусун аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: