Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) Арменияда өтүп жаткан жыйынында өлкө лидерлеринин чогуу селфилеп түшкөн сүрөттөрү социалдык тармактарга жарыяланды. Аны Армениянын премьер-министри Н.Пашинян менен Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лунду өздөрүнүн социалдык тармактагы баракчаларына жүктөдү.
Сүрөттөн алдыда күлүп түшкөн биздин президентти, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди, Армениянын премьер-министри Николай Пашинянди, Молдованын президенти Игорь Додонду жана Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лунду көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, 30-сентябрда, 1-октябрда Армения мамлекетиндеги Ереван шаарында Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына өлкө лидерлери барып, катышууда.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ