Menu

Имамдардын илимин ким иликтейт?

Бөлүшүү:

Кыргызстан светтик өлкөлөрдүн катарына кирет. Бирок, мечиттеринин саны жагынан алдына мамлекет чыгарбайт. Дегенибиз айылдарда, ал эле эмес борбор шаарыбызда мектептер жетишсиз болуп, бир класста 40-50дөн балдар окуп жатканына карабай, жаңы мечиттердин салынганы токтой элек. Ар бир айылда экиден же үчтөн мечит курулуп, бирок жалгыз мектеп томсоруп турганы жалган эмес. Ал мечиттер каттодон өткөнбү? Мына ушул мечиттер боюнча ЖКнын депутаты Эльвира Сурабалдиева айтып чыкты. Ал өзүнүн социалдык баракчасына: “Мага ИИМден келген расмий каттан үзүндү. Дин маселесине келгенде, саясатчылар сүйлөгөндөн тартынышат – дароо эле эки тараптын жактоочулары ызылдап башташат. Бирок, мамлекеттик бийликтин бир бутагы, эл өкүлү катары көңүл бурдуруп жатам, караңыздарчы, биздин мечиттердин көбү каттоодон өтпөгөнү бир көйгөйдү алып келсе, атайын диний билими жок имамдардын саны да коопсуздандырат. Мисалы, Чүй, Ош, Жалал-Абаддагы имамдардын жарымы билимсиз болсо, Баткенде 8о%га жетиптир. Муфтият, УКМК жана башка дин тармагын көзөмөлдөгөн мекемелердин көңүлүн бурдурамын. Билим берүүдө жаңы жетекчи келип, оңдойм деп иштеп баштады, мейли убакыт берели, ал эми имамдардын билим жагы менен ким алек болот? Билимдүү имам – караңгылыкка алып барбай, тескерисинче, адилеттүү көз карашка, исламды талкууга келгенде кеңири ой жүгүртүүгө үйрөтүп, үгүттөйт деген ойдомун. Сиздердин пикириңиздер кандай? Эл арасында чыдамкай, толеранттуу пикир алмашууга үйрөнүү керек, бири-бирин сыйлаган калкты сырттан да баркташат эмеспи” – дейт ал билдирүүдө Сурабалдиева.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: