Menu

Кыргызстан Өзбекстанга электр энергия берүүнү токтотот

Бөлүшүү:

Жайыбыз ысык болгон соң, кышыбыз суук болуп кыйнабас бекен деген коркунуч баардык адамдарда эле болгон сыңары, өкмөттү деле түйшөлткөн маселе ушул. Кыргызстандын көптөгөн кайра иштетүү, өнөр жай ишканалары электр энергиясы менен тыгыз байланышта. Ал үчүн кышкы даярдыктарды күчөтүп, үнөмдөөнү эмитен баштабаса болбойт. Кыргызстанда 45 кен казуу тармагында күзгү-кышкы мезгилге болгон даярдыкка карата электр энергиясы өчүрүлгөнү маалым болду. Бул тууралуу бүгүн, өкмөттүн жыйынында Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров билдирди. Бул электр энергиясын үнөмдөөдөгү акыркы чек эмес, эми электр энергияны үнөмдөө максатында, Өзбекстанга кышкы мезгилде электр энергия берүү токтотулары да айтылды. Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17,2 млрд. куб метрди түзөт. Муну менен катар, Кыргызстанга электр энергия кышкы мезгил учурунда жетиштүү болот деп билдиришет адистер.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: