Тажикстан өкмөтү «Тажик-кытай тоо-кен өнөр жай компаниясында» кен казуу жана иштетүү көлөмүнүн азайгандыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирүүдө.
Компаниядагы өндүрүштүн кыскарышынан улам өлкө бюджетине пландалган салык көлөмү түшпөй калышы мүмкүн.
Өкмөт кабыл алган токтом менен өлкөнүн Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигине, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө аталган компаниядагы өндүрүштүн азайышынын себептерин аныктоо жана «андагы кемчиликтерди жоюп, өндүрүштү көбөйтүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүү» тапшырмасы берилди.
Компания кызматкерлеринин бири өндүрүштүн кыскартылышы менен жумушчулардын бир бөлүгү ишсиз калганын билдирди.
Согди облустук акимчилигинин өнөр жай бөлүмүнүн өкүлү Озифхон Шарифзода «Тажик-кытай тоо-кен өнөр жай компаниясында» өндүрүш кыскарганын ырастап, бул боюнча өкмөткө маалымат берилгенин кабарлады.
«Тажик-кытай тоо өнөр-жай компаниясы» 2007-жылы жаңы технологиялардын экспорту жана импорту менен алектенген кытай компаниясы тарабынан менчиктештирилген «Алтынтопкан кен башкармасынын» базасында түзүлгөн. Компаниянын уставдык капиталы 30 миллион долларды түзөт. Ал Согди облусунда жайгашкан «Түндүк Зарнисор», «Алтынтопкан» жана «Пайбулак» кендерин иштетүү лицензияларына ээлик кылат. Аталган кендерде коргошун жана цинк бар.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ