Нарын шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри, Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров бүгүн, 1-октябрда Нарын шаарынын мэри болуп шайланды. Шаардык кеңештин кеңсесинде шайлоо болуп, мэрликке үч адам ат салышты. Жыйынтыгында, 31 депутаттын 25и Н.Молдокадыровду колдоп беришти.
Эскерте кетсек, 6-сентябрда, мурунку мэр Эмилбек Алымкулов Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Ал эми мурдагы губернатор Аманбай Кайыпов 2-сентябрда Солтон-Сары кени жана контейнер-мектеп чырынан кийин кызматтан кеткен. Бирок, кызматтан кур калган жок, ал жарым күн өтпөй Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ