-Окуучу мугалимге кол көтөргөн заманда жашап жатабызбы?
– Бул коомдук көйгөй. Окуучу терс иштерден алыс болушу үчүн эмгек керек. Балага эмгек кылууну үйрөтүш керек. Азыркы окуучулар менен биздин убакты салыштырууга өтсөк айырма чоң. Биз мектепте окугандан тарта эле талаа иштерине катышчубуз. Мени бүгүн көбүрөөк ойлондурган маселе азыр жаштардын, окуучулардын кара жумуштарга, талаа иштерине катышпаганы. Ата-энелер балдарын коргоп мугалимдер менен урушканы. Мугалимге тике карагандан айбыккан заманда окуганбыз. Ошондо тартип бар болчу. Биздин убакта балдар талаа жумуштарын бүтүп үй жумуштарын жасап, кайра сабак окуп жетишип эле жүрүшчү. Мугалимдер болсо ата-энелерден кем эмес тарбия берчү. Негизинен балалыкты эстесем бизди патриоттуулукка жаштайыбыздан ата-эне, мугалим жана коом тарбиялаган экен. Өзүмдүн балдарым мен Кыргызстандын көп региондорунда иштегениме байланыштуу окууну бүткөнчө төрт, беш мектепте окушту. Биздин өлкөдө билимдин деңгээли мени канааттандырбайт.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ