Menu

УКМКнын экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиев эл аралык издөөгө алынды

Бөлүшүү:

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев эл аралык, анын ичинде Интерпол багыты боюнча издөөгө алынды.

ИИМ билдиргендей, Табалдиевге карата Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча иш козголгон.

ИИМ Батукаевдин иши тергелип бүткөнүн, 19 киши шектүү катары өтүп жатканын маалымдады:

–14 шектүү тергөө менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол койсо, 5 шектүү макулдашууга кол койгон жок. 18 шектүү кылмыш ишинин материалдары менен таанышып, 2019-жылдын 27-сентябрында кылмыш ишинин материалдары Башкы прокуратурага кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуу болгонун изилдөө жана сотко жөнөтүү үчүн жиберилди.

Укук коргоо органдары Бусурманкул Табалдиевди таппай жатканы тууралуу маалымат 8-июлда чыккан. Анын Түркияга чыгып кетиши ыктымал экенин айрым маалымат каражаттары да жазып чыккан. Кийин социалдык тармактагы айрым колдонуучулар Табалдиевди Анкара шаарынан көрүшкөнүн жазышкан.

Бусурманкул Табалдиевдин өзү жана анын жакындары эч кандай комментарий беришкен жок.

Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошогон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп иштеген.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген соң Орусияга чыгып кеткен. Бул ишке байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон мурдагы аткаминерлер айыпталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: