Menu

“Альянс Алтын” эл менен жолугушту

Бөлүшүү:

25-сентябрда Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин демилгеси менен «Альянс Алтын» ЖЧКсынын өкүлдөрү Талас облусунун активдери жана тургундары менен жолугушту. Жолугушуу Капар Медетбеков атындагы драмтеатрда болуп, 400 ашуун адам катышты.

«Альянс Алтын» компаниясынын башкы директору Михаил Шубин “Жерүй” кенинде быйылкы жылы аткарылган иштер боюнча кенен отчет берди. Бүгүнкү күндө Таластагы алтын-кен комбинатынын бардык курулуш объектилери аягына чыгып калганын, анын ичинде алтынды бөлүп алуучу фабриканын башкы корпусу дагы курулуп бүтүп калганын кошумчалады. Андан ары компаниянын жетекчиси коюлган талаптар өз убагында аткарылганын жана эл аралык стандарттарга шайкеш келе тургандыгын ишенимдүү айтты. Ал: “Алтынды бөлүп алуучу фабриканын иштеши оңой процесс эмес, фабриканы ишке киргизүү үчүн бери жагы эле 600дөн ашуун кымбат баалуу жабдыктар колдонулат. Объекттердин курулуш иштерине 10дан ашык подряддык ишканалар тартылды. 700 жумушчу иштеди, анын ичинен 500 жумушчу жергиликтүү тургундардан алынды”.

Буга кошумча жыл ичинде жергиликтүү тургундардын ичинен тоо-кен тармагына иштөөгө кадрларды даярдоо жана аларды окутуу иштери активдүү жүргөнүн, кийин конкурстун негизинде ишке алынарын белгиледи. Бүгүнкү күндө 270 адам толук даярдыктан өттү. Алардын 50сү Казакстандын Ак-Суу, Бес-Тубе жана Жолымбет кендеринен практикалык сабак алганын, жакынкы аралыкта бардыгы Жерүйгө ишке алынарын билдирди.

Ал эми социалдык милдеттемелер боюнча айта турган болсок, «Альянс Алтын» компаниясы өзүнүн ишмердүүлүгү убагында «Бакубат Талас» фондуна 450 миллион сом которгон. Бул каражаттар социалдык программаларды колдоого, айыл-чарбасын өнүктүрүүгө жана облустун инфраструктурасын жакшыртууга жумшалууда. Эске сала кетсек, быйылкы жылга чейин компания социалдык пакет деп 100 миллион сомдон «Бакубат Талас» фондуна которуп келсе, быйылкы жылдан тарта 150 миллион сомдон которуп баштайт.

Ал эми компаниянын салык төлөмдөрүндөгү салымдары боюнча айта турган болсок, 2015-жылдан 2019-жылдын сентябрь айына чейин мамлекеттин бюджетине 569 миллион сом салык төлөгөн. Кийинки жылдан тарта кендин ишке берилиши менен бул сумма 2 миллиард сомго чейин жетип, бюджеттин бир бөлүгүн түзөт.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар өздөрүн кооптондурган экология жана башка бир катар суроолорду беришти. М.Шубин тургундарды кооптондурган экология маселесин түшүнөрүн, ошол себептен заманбап жана дүйнөдөгү эң алдыңкы техникаларды колдонуп жатканын, калдыктарды сактоочу жайга өзгөчө көңүл бурулганын, компания экологиялык коопсуздукту камсыздарын айтып өттү. Ал өз сөзүндө “Биз долбоордун экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруудабыз. Өндүрүш участкаларында бардык коопсуздук чаралары жана экологиялык коопсуздук сактоо катуу көзөмөлдө. Ар бир үч ай сайын Чүй облусунун көз карандысыз экологиялык лабораториясы келип, айланы-чөйрөнү, сууну, абаны текшерип, мониторинг жасап турат”.

Акыркы текшерүүлөрдөн кийин, адистердин берген маалыматы боюнча Жерүй кенинин аймагында экологиялык нормадан ашык же айлана-чөйрөгө зыян келтирүү катталган эмес.

Белгилей кетчү жагдай, жолугушуу эркин формада болуп, суроо берүүнү каалаган бардык катышуучуларга шарттар түзүлүп берилди.

Жолугушуунун аягында облус жетекчиси Марат Мураталиев компаниянын өкүлдөрүнө тыгыз кызматташтыгы жана эл менен жолугушууда ачык-айкын үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: