Menu

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин этникалык кыргыз Бурмакан апага жогорку даражадагы сыйлык тапшырды

Бөлүшүү:

42 кытайлык жана чет элдик жарандарды сыйлоо, улуттук медалдарды жана ардактуу наамдарды тапшыруу буйругуна Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кол койгон. Кытайдын 70 жылдыгына карата, Бейжинде сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Алардын арасында 77 жаштагы (1942-жылы туулган) этникалык кыргыз Бурмакан Молдо аттуу апа да бар. Ал “Өрнөк болгон өмүр” аттуу эң жогорку сыйлык даражасы менен сыйланды.

“Бул баатыр айым 4 миң бийиктиктеги чек арада күнүнө 20 километр басып өтөт. Чек арада табылган кээ бир таштарга Бурмакан Молдо кытай тамгаларын түшүрүп – жергиликтүү сакчалар үчүн символ болуп калган”,- деп жазды China Daily басылмасы. Ал эми CCTV кытай телеканалы Бурмакан апа жөнүндө атайын видеоберүү даярдашкан. Анда небереси: “Менин үй-бүлөм Кытайдын батышында жашайт. Чоң апам – Бурмакан Молдо. Ал чегараны 19 жашынан бери кайтарып келет. Андан бери 52 жыл өтүптүр” – деген. Өзү болсо: “Мен секелек кезимде айлана-чөйрөнү ат менен кыдырып, 3-4 күн басып өтчүмүн. Азыр жол пайда болуп, машина менен бир саатта эле барса болот”, – дейт.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: