Menu

Махабат Мавлянова, ЖКнын депутаты: “Суицидке чейин жеткирген интернет оюндарын таркаткан адамдарды иликтеп, жаза берүү жактарын сөзсүз түрдө караш керек”

Бөлүшүү:

Өспүрүмдөрдү суицидке чейин жеткирген интернет оюндарын чектөөгө болобу?

– Жашоого болгон көз карашы толук түптөлө элек жаш балдарды ар кандай терс багытка жетелеп кетүү оңой. Ошого байланыштуу жаш жеткинчектер үчүн интернет оюндары да абдан кооптуу. Ар кандай шартты аткарыш керек болгон оюндар да бар экен. Мындай шарттардын ичинен суицидке барууга чейин алып барганы бар экен. Баланы алдоонун эң оңой жолу бул “сен суицидке барбасаң бир туугандарың же ата-энең өлүмгө дуушар болот” деген жери. Бул абдан психологиялык жактан бала үчүн чоң сокку, жаш балдар мындай учурда өзүн-өзү курмандыкка оңой эле чалуулары мүмкүн. Ошондуктан, окуу жайларда окутуучулар, үйдө ата-энелер ар бири маалыматты өз убагында балдарга түшүндүрүп, алдын-ала түшүндүрүү жүргүзүү бүт балакеттен куткарат. Ошондой эле мындай оюндарды таркаткан адамдарды иликтеп, жаза берүү жактарын сөзсүз түрдө караштыруу керек. Ушинтип чектөө кылсак болот. Ар бир баланын өмүрүнүн коопсуздугу, коомдо эң биринчи маселелердин бири болушу керек.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: