Menu

Кыргызстанга мунайзат жеткирип берем деп 22 млн сом алып, качып кеткен шылуун кармалды

Бөлүшүү:

Орусия жараны Кыргызстанга мунайзат жеткирип берем деп 22 млн сом алып, качып кеткен. Ал Москвадан кармалып, камакка алынганы тууралуу бүгүн (2-октябрда) ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, шылуундук үчүн эл аралык издөөгө алынган жарандын кайда экени ушул жылы, сентябрдын аягында аныкталып, камакка алынган. Кармалган Ю.Н. аттуу алдамчы адам 1969-жылы Красноярск крайында туулган. Ал бир фирманын директору болуп турганда, 2016-жылы кыргызстандык ЖЧК менен келишим түзүп, ага ылайык $328 миң долларга чийки мунайзат жеткирип берүүнү убада кылган. Чийки мунайзат колуна тийген соң, Ю.Н. түзүлгөн келишимди аткарбастан, качып кеткен. Ошентип, ал шылуун Кыргызстанга 22 млн 696 миң 400 сомго зыян алып келип олтурат.

Бул иш боюнча, Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы (Финпол) ал шылуунду Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси чечилип жатканын билдирди ИИМ.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: