Түркмөнстан ички иштер министри Искандер Муликов.
Түркмөнстанда ички иштер министри Искандер Муликовдун айдоочусу камакка алынды. Ал “Шатыр” каймана аты менен белгилүү.
Turkmen.news басылмасы ички иштер министри Искендер Муликов өзү да отставкага кеткенин жазды. Анын ордуна вице-премьер министр Мамметхан Чакыев келген.
Маалыматка караганда, министрдин айдоочусунун кармалышы ашхабаддык ири бизнесмен Чары Кулов менен мурдагы соода жана тышкы экономикалык байланыштар министри Амандурды Ишановдун камалышы менен байланыштуу. Кулов ИИМ башчысынын кафе-ресторан, дүкөндөрүн башкарган. Чиновниктин айдоочусу болсо тыштан көзөмөлдөп турган.
Учурда министрдин бир нече кафе, рестораны конфискацияланганы айтылууда.
Бул арада 1-октябрдан тарта Түркмөнстан ИИМиндеги айрым башкармалык башчылары кызматтан четтетилгени кабарланууда.
“Эркин Европанын” түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен министрликтеги тазалоо – Искандер Муликов менен өлкөдөгү башка бир таасирдүү фигура – улуттук коопсуздук министри Яйлым Бердиевдин тирешүүсүнүн жыйынтыгы экенин билдирүүдө.
44 жаштагы Искандер Муликов буга чейин отставкага кетүү боюнча президент Гурбангулы Бердымухамедовго кайрылган, бирок ал анын өтүнүчүн четке каккан. Муликов бул кызматты 2009-жылдан бери аркалап келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ