Menu

Атамбаев Кыргызстандын эгемендүүлүгүн барымтага койгон беле?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда жалаң мамлекеттик кызматта жүрүп эпсиз байыган Акылбек Жапаров деген адам бар, ал азыр Жогорку Кеңештин да депутаты. Байлыкты кантип тапкандыгын билбейбиз, бирок укук, каржы маселелерине келгенде анын башы укмуш иштей тургандыгы эч кимде шек туудурбайт. Бекеринен экономика илимдеринин доктору болбогондугу чындык. Мамлекеттик кызматтарга илинбей калган учурларда айрым университеттерге барып, дарс окуп жүргөндүгү да жөн жерден эмес.

Мына ушул бою кичине болсо да билими, дымагы бийик эл өкүлү ушул жылдын башында 5-каналдын “Бешинчиден бешөө” долбоорунун бир берүүсүндө төбө чачты тик тургузгудай маалыматты жараналаганы эсибизде. Ал интернетте жүрөт, каалагандар таанышышса болот. Биз анын айтканын дагы бир жолу эске салып, Бишкек ЖЭБиндеги афера үчүн айыпталып, соттолуп жаткандар мыйзам чегинде тийешелүү жазаларын алышы зарылдыгын бекемдегибиз келди. “Кылым аферасы” атка конгон ири коррупцияны ишке ашыргандар, анын башында тургандар жазасыз калбашы керек. Жапаровдун айтымында, мурдагы президент Алмаз Атамбаевдин убагында Кытай өкмөтү менен ЕРСтик келишим делип Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчтөрүн, ал долбоорго таандык жарым станцияларды, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу, Бишкек жылуулук борборунун 30 пайызын оңдоп, түздөп, модернизациялоо боюнча түзүлгөн макулдашуулардын бардыгында: “өз ара пикир келишпестиктер келип чыкса, ал өз ишин соода палатасынын эрежелери боюнча жүргүзгөн Гонконгдогу арбитраждык сотто гана каралат. Эгерде ишке ашырылган долбоорлор боюнча кредиттерди өз убагында кайтара албай калса, Кыргызстан суверендүүлүгүнөн баш тартат, ал объектилерди Кытайдын өкмөтү башкарууга алат” – деген пункт бар экен.

Муну, албетте, мурдагы президент баштагандардын саясый сокурдуктары гана эмес, элге кылган кыянаттыктары, чыккынчылыктары гана катарында баалоого болот. Деги Бишкек ЖЭБинин 30 пайызын модернизациялап, экономикалык, социалдык зарылдыгы, каржылык кайтарымдуулугу күмөндүү альтернативдүү жолду куруу үчүн суверендүүлүгүбүздү барымтага коюу акылга сыярлык ишпи? Эмне үчүн АШАнын бандасындагылар алтын же темир кендеринин, жок дегенде ГЭСтердин бирин эмес, келишимге түздөн-түз эгемендүүлүгүбүздү барымтага коюшкан? Алар ал кагаздарды карап, кол коюп жатышканда акыл-эстери дайын, ачкыл-кычкылдардан соо болушкан беле же… Эмне дебейли, бул акыл-эстери ордунда турган адамдардын кыла турган иштери эмес.

Кыргызстанга да Намибиядагыдай коркунуч бар

Акылбек Жапаровдун айтуусунда, андай келишим менен кредиттерди алып, убагында кайтара албагандыгынан улам Намибиянын финансы министри кылып, Кытайдын бир финансы кызматкерин дайындашыптыр. Же ал өлкөнүн каржылык, экономикалык иштеринин бардыгын Кытайдын өкмөтүнүн бир өкүлү башкарат экен. Биз да мурдагы жетекчилерибиздин кыянаттыктарынан улам потенциалдуу андай коркунучту мойнубузга илип алыптырбыз. Орустар, “кагазга жазылып калганды, балта менен да талкалай албайсың” деп айтышкандай, келишимге кол койгондон кийин, аны аткарбагандан башка айла калбайт. Ал эми биздин сырткы карызыбыздын абалы, аларды төлөөнүн графиги тынчсыздандырарлык.

Сырткы карыздардын 40 пайызы Атамбаевдин тушунда жогорудагыдай шарттарда Кытайдан алынган. Аларга башка өлкөлөрдөн, эл аралык финансылык уюмдардан алынгандарды үстөктөрү менен төлөөнүн пиктик учурлары 2022-2028-жылдарга туура келет. Бул мезгилде жыл сайын бюджеттин эсебинен 30-35 миллиард сомго жакынды сырткы карыздарга төлөп турушубуз керек. Эгерде экономиканын, сырттан түз инвестицияларды тартуунун абалы азыркыдай болуп, жыл сайын Чаарат менен Жерүйдөй, Терек-Сайдагыдай ири ишканалар ишке киргизилип, Россия, Кытай менен макулдашылган биргелешкен долбоорлор ырааттуу аткарылса, ал өлкөгө өзгөчө кыйынчылыктарды деле пайда кылбайт. Бирок, ата бабаларыбыз жаман айтпай жакшы жок, “человек полагает, а бог распологает” дегендей, кокус өлкөдө саясый туруксуздук же форс-мажордук кырдаал жаралып, экономикабыз олку-солку боло баштаса, анда сырткы карыздарды төлөө чоң кыйынчылыктарды жаратары турган иш. Анда Намибияныкындай болуп каржылык системабыз кредит бергендердин колдоруна өтүп кетеби?

Тилекке каршы, АША өз бандасы менен андай коркунучту мойнубузга илип кеткенин эми билип жатабыз…

АША ГЭСтерибиздин, стратегиялык жолдорубуздун жарымын Өзбекстанга бергиси келген…

Өмүрбек Текебаев түрмөдө жатканда эки китеп чыгарды, анын бири – “Түрмөдөн кат” деп аталат. Ал бул китебинде АШАнын Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиеевге убада кылып, бирок кызматтан кеткендигине байланыштуу ишке ашыра албай калган кыянаттыктыктарын талдоого алыптыр. АШАнын кызматтан кетерине бир жарым жыл калганда “ири ГЭСтерди, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун Өзбекстан менен бирге курабыз” деп бир нече ирет айтканын биз деле укканбыз, бирок ачыгын айталы, анын экономикалык маанисине, эки өлкөнүн мамилеси кескин жакшыргандыгына ичибиз жылыган менен анын стратегиялык келечектик жана саясый маанисин түшүнгөн эмеспиз. Ш.Мирзиеев 2017-жылы сентябрда Кыргызстанга иш сапар менен келип, аны жыйынтыктагандагы билдирүүсүндө “Кыргызстандагы ГЭСтердин баарын мындан ары биргелешип курабыз. Кыргызстандын жетекчилигинде буга саясый эрк жана каалоо бар экен. Чынбы Алмаз Шаршенович? – дегенде “Шаршеновичи” башын ийкегилеп отурганын көргөнбүз.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Ш.Мирзиеевдин АША менен ГЭСтер, Кытай – Кыргызстан темир жолу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн чыныгы мазмуну мындай болгон экен. Өзбекстан банктардан же эл аралык каржылык уюмдардан курулуштардын жарымына жетерлик кредит алат да Кыргызстанга берет. Кыргызстан ага өз үлүшун кошуп, ГЭСтерди, жолдорду курат. Ал объектилер курулуп бүткөндө жарымына автоматтык түрдө түбөлүккө Өзбекстан ээ болуп калат да ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергияларынын өзүнө тийиштүүлөрүн сатуу, темир жолду пайдалануудан түшкөн кирешелерди төгүү аркылуу кредиттеринен кутулат. Же Өзбекстан бюджетинен бир сом чыгарбай туруп, биринин шапкесин экинчисине кийгизүү аркылуу ГЭСтердин, темир жолдун жарымына ээ болуп калат. Маселен, “Центерралыктар” 400 миллион долларлык кредит алып, Кумтөргө ээ болушуп, кирешелеринен аздыр-көптүр бюджетибизге, Соцфондго чегерип турушат, ал эми Өзбекстан ээлик кылганынан бюджетке да эч нерсе төлөмөк эмес. Анткени, ал убактылуу эмес, түбөлүктүү менчик ээси болгондуктан алык-салыктары да Өзбекстанга кетмек. Же стратегиялык объектилерибиздин жарымына жок жерден эле ээ болуп калмак экен. Андан да жаманы, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун АША жактырган долбоорунда ал Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирбестен, Ош облусунун бир жагын гана кыйгап өтүп, Өзбекстандын, Тажикстандын кызыкчылыктарына артыкчылык берилмек экен. Андан көрө ал кредиттерди Кыргызстан өзү алып, ГЭСтерди, темир жолду өзү куруп, өндүрүлгөндөрдүн, пайдаланылгандардын эсептеринен өзү кутулуп, анан стратегиялык объектилерге толук өзү толук түбөлүккө ээ болгону жакшы эмеспи? Кумтөрдү, башка кендерди деле ошол жол менен өзүбүз иштетсек болмок, тилекке каршы, андай мүмкүнчүлүктөрдүн көбүн колдон чыгардык. Эми колдо калгандарына сарамжалдуулук менен мамиле кылбасак, жакын арада оңолушубуз эң эле кыйын болот.

Бактыга жараша, кийинки жетекчилик АШАнын андай чыккынчылык менен чектелген авантюристтик планын колдободу. Ал үчүн азыркыларга рахмат айтышыбыз керек. Бирок, АШАнын мурдагы кредиттеринин айынан Намибиянын абалына тушугуу коркунучу бардыгын эстен чыгарбайлы!

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: