Menu

Орусиядан КМШга алты ай ичинде 6 млрд. долларга жакын акча которулду

Бөлүшүү:

Орусиянын Борбордук банкы быйыл алты ай ичинде Орусиядан КМШ мамлекеттерине 5 миллиард 720 миллион доллар которулганын билдирди.

Акча которуу жагынан Борбор Азиянын үч мамлекети алдыда турат жана сап башына Өзбекстан чыккан. Ага ылайык, Орусиядан бул өлкөгө быйылкы жылдын биринчи кварталында 2 миллиард 800 миллион, экинчи кварталда 1,2 миллиард доллар которулган.

Экинчи орунда Тажикстан, үчүнчүдө Кыргызстан турат. Тажик мигранттары Орусиядан мекенине 1,1 миллиард, ал эми кыргызстандыктар 930 миллион доллар салган.

Ушул жылы жай айында “Western Union” төлөм системасы акча которууга чектөө киргизген. Ага ылайык, Орусиядан чет өлкөгө акча которгондо анын суммасы айына 600 доллардан ашпоого тийиш. Борбордук банк муну көмүскөдөгү акча операцияларына каршы чара катары негиздеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: