Menu

Рита Карасартова, укук коргоочу: “Атамбаевдин башкаларга кылганы – өз башына түшүп жатат!”

Бөлүшүү:

-Рита эже, Раимбек Матраимовдун үйүн дрон менен тартууга аракет кылган “Азаттыктын” операторунун аракети мыйзамдуу элеби же мыйзамга каршы келеби?

-Негизи жеке менчикке жер анан жердин үстүндө жайгашкан имараттар кирет. Жеке менчик жайгашкан жердеги абада жүргөнгө болбойт деп тыюу салган мыйзам деле жок. Ошондуктан бул жерде дрон менен тартып, мыйзам бузду деп доомат койгонго деле болбойт. Айтайын дегеним, азыр техника өнүккөн заман. “Азаттыктын” оператору дрон менен тартып убараланбай эле “гугулметке” кирип, үйү кандай экенин көрүп алса болмок, “Гугулмет” ар бир үйдүн кайсыл жеринде эмне турат, кандай курулуш материалынан салынганына чейин спутниктен карап, айтып турат. Бул программадан шек санап ишенбегендер болсо, “гугулметтен” өз үйүн карап көрсө, эмнеси кайда жайгашканынан бери көрсөтүп берет…

-“Азаттыктын”операторун Матраимовдун жансакчылары жана жакындары сабаганы орундуу элеби же аша чапканбы?

-Негизи бир кишини башка киши сабаган мыйзамга каршы келет. Өзгөчө бул жерде журналисттерге өзгөчө басым коюлуп, коопсуздугу каралышы керек. Анткени, алар кесибинин аркасы менен кооптуу да, кооптуу эмес да жерлерде жүрүшөт. Ачуу болсо да, оор суроолорду беришет. Алардын суроосу жакса, жакпаса да маалыматты алып чыгып, жайылтышат. Анткени, маалымат алуу, таркатуу алардын иши. Камерага тартып жатканы үчүн күнөөлөп аны ур-токмокко алган мыйзамсыз. Эгер журналисттер мыйзамсыз иш жасаган болсо да, сабырдуу болуп, сабагандан мурун бул аракетиң мыйзамга каршы келет деп милицияга кайрылып коюшса эле жетиштүү болмок. Негизи мындай мезгилде, коомчулуктун көңүл борборуна алынып турган учурда, Матраимовдор журналистти сабатпай эле “тарткың келсе тартып ал” деп койсо, “жашыра турган эч нерсеси жок экен” – деген маалымат тарап, тескерисинче ага болгон коомчулуктун урмат-сыйы жогоруламак.

-Матраимовдор бийликке таянып жатабы же колдоочуларынабы?

-Негизи алар тууралуу түрдүү маалыматтар жазылса деле алар анчалык деле реакция кылбаганга аракет кылышат. Анткени, алардын колдоочулары да жетиштүү. Анткени, алар мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче ар бир айылга социалдык долбоорду ишке ашырып коюшкан. Кээ бир айылдарга мечит салса, кээ бир айылдарга спорт аянтчаларды курушкан. Ошон үчүн алар бийликтен мурун колдоочуларына таянып жатышат.

-Баса, кечээ жакында Атамбаевдин мамлекет тарабынан берилген жан сакчысыда камакка алынды. Анын камалышы эмнеден кабар берет?

-Анын камалышы Атамбаевдин башкаларга кылганы өз башына түшүп жаткандан кабар берет. Айтайын дегеним, ар бир саясий иштин аркасында далилдер көп болсун деп Атамбаев да кезинде өз оппоненттерин кордогон. Камаган. Өкүнүчтүүсү, Атамбаев өзү жасап, өзү түптөгөн ыкмалардын бардыгы кайра өзүнө каршы иштеп жатат. Бирок ал нерсенин кесепети Атамбаевге эле эмес, аны жандап жүргөндөрдүн баарына тийип жатат. Бул жерде мен макул болбогон бир жагдай бар. Мамлекеттик кызматын өтөп жаткан жансакчысын бир да жолу бүгүндөн баштап иштебейсиң деп эскертпей туруп камакка алышты. Бул туура эмес. Мыйзамга каршы келет.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 95 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: