Menu

Төрөбай Колубаев, коомдук ишмер: “Камактан турмуштук чоң сабак алдым…”

Бөлүшүү:

-Төрөбай мырза, “Элдик парламентти” түзө коюп, мамлекетти басып алганы жатат деген айып менен камакка алындыңар. Кайсы бир мезгилде адилеттик орун алып, камактан чыгабыз деген үмүтүңүз болду беле?

-Эртеби-кечпи адилеттик болот, камактан чыгабыз деп ишенгем. Бирок, Сооронбай Шарипович кеч болсо да адилеттик кылып, камактан чыгарды деп айтууга азырынча эрте. Анткени, эркиндикке чыкканыбыз менен актала элекпиз.

-Эң оор беренелер менен кылмыш иши козголду. Аны эмненин негизинде козгошту?

-Ат-Башылык Эркин Сатыбалдиев деген жигиттин көрсөтмөсү менен 295-берененин негизинде кылмыш ишин козгоп, 12 жылга соттошту. Ошондой эле Абдил Сегизбаевдин телефондон сүйлөшкөнүбүздү тыңшадык дегендей түр көрсөткөн иши үчүн мантаж болсо да, автоматтуу түрдө 5 жыл кошулуп, террористтердей болуп, сотторубуз жабык өткөн күнгө туш болдук. Бирок, анын баары артта калды. Жүз каралашса да, камашса да эркиндикке чыктык.

-Камакта жатканда кысымга, сындырууга, ур-токмокко туш болгон жоксузбу?

-Кысымга, ур-токмокко туш болгон жокпуз. Анткени, камакта деле түрдүү беренелер менен айыпталган элдер отурат. Алар деле саясатка кулак салып, ким ак жеринен камалып, ким арзыбаган нерсе үчүн темир тор артында калып жатканын жакшы билишет экен. Ошон үчүн бизге урмат-сый менен мамиле кылышты. Ал турсун жакшы маанайда тосуп алып, жакшы маанайда узатышты.

-Силерди жок жерден каматкан, саясий куугунтукка алган адамдар бүгүн өздөрү адилеттик күтүп, темир тор артында калышты. Бул тагдырдын тамашасыбы же жараткандын маңдайга жазган жазуусубу?

-“Тагдырдын тамашасы” деп да, “Жараткандын маңдайга жазган жазуусу” деп да айтсам болот. Ак жерибизден каралап, коомго коркунучтуу адамдай көрсөтүүгө аракет кылышса да, мен аларды бүгүн табалабайм. “Тобоо” деп айтам. Болгону алар бийликке манчыркап, “бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп калбагын” деген макалды убагында эстеринен чыгарып коюшкан. Ошон үчүн келме кезек келгенде маңдайына жазылганын көрүп жатышат. Чынында Атамбаев бизди камагандын ордуна, айткан ар бир сөзүбүзгө маани берип, кетирген катачылыктарын эстеп, аны жоюу менен алек болсо болмок. Анткени, билсе биз көп нерсени алдын ала айтып, коңгуроо какканбыз. 2016-жылы эле ТЭЦтеги уурдалган акчалар, орун алган коррупция тууралуу бир канча жолу айтып, кулак-кагыш кылганбыз. Ал жактагы коррупцияны токтоткондун ордуна бизди камады. Бирок, бизди камаганы менен маселе чечилген жок да. Эми өзү жана жан-жөкөрлөрү баш болуп, ТЭЦтеги коррупциянын азабынан тартып жатышат

-Кыйын саясатчылардын көбү камалышат. Мезгили келгенде эркиндикке чыгат экен. Камактан кандай сабак алдыңыз?

-Тарыхта калган саясатчылар, мыкты инсандардын баары Ленин баштап түрдүү себептер менен камалып чыккандар. Биз деле алар сыяктуу отуруп чыктык деп айткандан алысмын. Бирок, камактан турмуштук чоң сабак алдым. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан айрым учурда мыйзамдар бузулуп, адилеттик төө бастыга алынганын да көрдүк. Миллиондорду сугунган коррупционерлер эркиндикте жүрүп, тоок же телефон уурдап, камалып жаткандарды көп эле кездештирдим. Кыскасы, темир тор артында жаткандардын көбү ак жеринен караланып же арзыбаган нерсе үчүн камалгандар. Алар жараткандан да, жогору жактан адилеттик күтүшөт.

-Кудайдан болуп акталып калсаңыз парламенттик шайлоого аттанайын, адилеттик үчүн күрөштү улантайын деген оюңуз барбы?

-Биз акталсак гана парламенттик шайлоого, президенттик шайлоого катыша алабыз. Бирок, Сооронбай Шариповичтин тегерегиндеги адамдар бизди толук актоого жол береби, маселе ошондо.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: