Menu

Замира Мамбетова: “Министрдин буйругуна карабай, мектептерде ата-энелерден дагы деле акча чогултуп жатат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-октябрда, Ак үйдүн алдындагы имаратка мектептерде акча чогултууга каршы ата-энелер митингге чыгып, нааразычылык акциясын өткөрүүдө. Аталган акциянын катышуучусу жана уюштуруучусу, “Кыргызстан аялдары” коомдук бирикмесинин жетекчиси Замира Мамбетованын айтымында, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган буйругуна карабай, мындай көрүнүш дагы деле уланууда. “Биз мектептин директору, мугалимдер министрдин буйругун так аткарышын талап кылып, ушул маселеге чекит коелу деген максатта тынчтык митингге чыктык”,-дейт З.Мамбетова.

Чогулган ата-энелерге милициялар келип, Чүй проспектисинде нааразычылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизилгенин айтып, соттун чечимин көрсөтүп, Горький атындагы гүлбакчага барып, ошол жерден акцияны өткөрүүнү сунушташты.

Аны менен катар Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова барып, ата-энелер менен жолугуп, сүйлөштү. Ал акчаны мугалимдер эмес, ата-энелер түзгөн фонд чогултуп жатканын, андай фонддордун ишмердүүлүгүнө мыйзам уруксат берээрин, акча чогултууну токтотуш үчүн андай мыйзамды өзгөртүү керектигин айтты.

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелердин арыздарын угуп, мектеп жетекчилерине, коомдук бирикмелер менен фонддорго акчалай каражаттарды чогултууга тыюу салган жарлыкка кол койгон. Бул тууралуу кечээ Сауле Мейрманова билдирип, ал: “30-сентябрда, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун буйругу чыгып, анда ата-энелер  коомдорунан арыздар түшүп, биз билим берүү уюмдарында, ошондой эле коомдук бирикмелер менен фонддордо каражат чогултуу мыйзамсыз экенин түшүндүргөн иш-чараларды өткөрүшүбүздү тапшырган. Ал буйрукка ылайык, акчалай каражат чогултууга тыюу салынат”  — деген эле.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: