Menu

Чемпион мушкер Болот Атакулов Кузбасстагы кафедеги мушташтан каза таап, Кыргызстанга сөөгүн алып келүү үчүн акча чогултулууда…

Бөлүшүү:

Орусиянын Ленинск-Кузнецк шаарында кафе-барга кирген 32 жаштагы жаран кыргызстандык 25 жаштагы бокс боюнча машыктыруучуну сабап койгон. Жаш жигит ооруканага оор абалда жеткирилип, эсине келгени менен, бүгүн, 2-октябрда жүрөгү токтоп калып, көз жумган. Бул тууралуу “Газета Кемерово” басылмасы Кемеров облусу боюнча, ИИМ башкы башкармалыгына таянып жазып чыкты.

Алардын айтымында, полиция атайын ден соолукка залака келтирүү беренеси менен бир кишини колго түшүрүшкөн. Ал шаардын бир кафе-барына кирип, бир кыз менен урушуп жаткан жаш жигитти көрүп калып, сыртка чакырып чыгып, экөө мушташып кеткен. Шектелип жаткан киши жаш жигитти жерге кулатып, бир нече ирет башын асфальтка урган. Эсин жоготкон жабырлануучуну көргөндөр дароо тез жардам чакырышкан. Жигиттин баш мээсине доо кетип, баш сөөгүнүн чыкый жагы сынып, мээси чайкалган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү 8 жылга эркинен ажыроо алдында турат.

ММКларга белгилүү болгондой, жараат алып, каза болгон жигит бокс боюнча машыктыруучу, 25 жаштагы Болот Атакулов болуп чыкты. Достору аны өз мекени Кыргызстанга жөнөтүү үчүн акчалай каражат чогултуп жатышкан кездери. Кузбасста спортчунун жалгыз студент-карындашы гана бар экен. Ал жаш кыз мындай каражатты көтөрө албасын билген достору акча чогултуп, ага бергени турушат.
Маркум Болот Атакулов жөнүндө айта кетсек, ал Кузбасстын, Сибирдин чемпиону болгон, Орусия кубогун, Сибирь кубогун утуп алган, Кузбасс кубогунун жеңүүчүсү, ошондой эле Орусия Биринчилигин жеңүүчүсү болгон. Ушундай чемпион балабыз бөтөн жерде, киши колдуу болуп, жарык дүйнө менен коштошуп, мекенине сөөгү келатканы зээнди кейитет.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: