Кечээ, 1-октябрь күнү АКШга жумушчу сапарынын алкагында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШ Президентинин жардамчысынын орун басары, АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча Улук директору Лиза Кертис менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эки тараптуу жана регионалдык кызматташууну өнүктүрүүнүн абалы жана келечеги талкууланды. Тараптар ошондой эле транс улуттук чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү маселелери, соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жолдору боюнча пикир алмашты.
Маектешүүчүлөр кыргыз-америкалык кызматташууну кеңейтүүгө өз ара кызыкдарлыгын жана даярдыгын тастыкташты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ