Menu

Мирлан Жээнчороев, ЖК депутаты: “Жогорку Кеңештин мактоого, купулга толоорлук иштери бар…”

Бөлүшүү:

– Мирлан мырза, парламенттик шайлоону утурлай добуштук пайыздын жогорулашы парламентке капчыктуулардын келишине шарт түзөбү же партияларды адискөйлөргө басым жасоого аргасыз кылабы?

– Добуштук пайызды 9 пайызгө көтөрүлгөнү бул ката чечим болуп калды. Аны 5 пайызга чейин төмөндөтүү зарыл. Анткени, мындай жогору добуштук пайыз түрдүү тармактардагы адамдардын эл өкүлчүгүнө келишине шарт түзүшү ыктымал. Шайлоодо жеңишке жетүү үчүн адискөйлүккө эмес, башка нерсеге да маани берилип кетиши мүмкүн. Ошон үчүн добуштук пайызды жогорулатпай, төмөндөтүү керек. Антпесек, ийгиликке жетүүнү көздөгөн партияларда жагымсыз нерселер орун алып кетиши толук мүмкүн.

– Азыркы парламенттин ишмердүүлүгү купулуңузга толобу? Кесиптештериңиз мактоого татырлык иштер менен алек болдубу?

-Азыркы парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылсак, мактоого татырлык иштер да бар. Бирок, “медалдын эки бети болот” деген сыяктуу, мактоого татыбаган, купулга толбогон да жери бар. Айтайын дегеним, парламент демократиялык өнүгүү жана бийлик бутактарындагы тең салмактуулукту сактоо принциптеринде мактоого татыктуу иштери
чыны менен аз.

– Парламенттик шайлоо жакындаган сайын парламенттик система өзүн-өзү актаган жок деп доомат койгондор да четтен чыгат. Сиздин оюңузча парламенттик система өзүн-өзү актай алдыбы?

– Парламенттик система өзүн-өзү актаган жок деп артка кетенчиктебешибиз керек. Башкача айтканда, парламенттик системадан тайбашыбыз керек, ал өнүгүүгө, демократияга алып келе турган жалгыз жол. Кыргызстандын 28 жылдык тарыхында президенттик башкарууларды, үй-бүлөлүк режимдерди башыбыздан өткөрдүк. Бул тажрыйбанын элге, мамлекетке пайдасынан зыяны көп тийди. Элдин көкөйүнө көк таштай тийген режимди кулатабыз деп элдер курман болду, экономика төмөндөдү. Кыргызстандын байлыгы кызматтан кеткен президенттердин үй-бүлөсү, жакындары менен уурдалып четке чыгып кетти. Ошон үчүн президенттик башкарууга эмес, парламенттик башкарууга басым коюшубуз керек. Антпесек баштагыдай жагымсыз жагдайдан арыла албай калабыз. Ошон үчүн парламенттик системаны эле өнүктүрүп, алдыга кадам ташташыбыз керек.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: