Menu

Жеке ишкер Эмил Үмөталиев суракка эмнеге чакырылганынын четин гана айтып берди

Бөлүшүү:

«Kyrgyz Concept» компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси, жеке ишкер Эмил Үмөталиев кечээ, 2-октябрда Аскер прокуратурасына суракка чакырылган. Ал эмнеге чакырылганы тууралуу толук маалымат бербегени менен четин журналисттерге айтып берди.

Анын айтымында, 2010-жылы экономика министри болуп турган кезиндеги айрым фактыларды тактоо үчүн күбө катары Аскер прокуратурасына чакырылган. Ал өлкөдөн эч жакка чыкпоо боюнча тил катка кол коюп бергени үчүн ачык, толук маалымат бере албастыгын, бирок, суракка чакыруу жүйөөлүү экенин билдирди.

Эскерте кетсек, Эмил Үмөталиев 2010-2011-жылдары, Убактылуу Өкмөт түзүлүп, иш жүргүзүп жаткан кезде Экономикалык жөнгө салуу министрлигин жетектеген.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: