Menu

Мээрбек Мискембаев, КСДПчы экс-депутат: “Камала элек мен жана Атамбаевдин үйүндө эки эле ити калды”

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаевдин “элиталарынын” бири – Мээрбек Мискенбаев кечээ, 2-октябрда ИИМдин тергөө кызматына Кой-Таш окуясы боюнча суракка чакырылган.  Ал 9 саат сурак берип чыкканына нааразы болгонун бүгүн журналисттерге билдирди. Кечээ болсо суракка кирип баратканда: “Атамбаевдин тарапташтарынан камала элек үч-төртөө эле калдык го дейм, баары камалды. Мени да камайт го деп жылуу кийинип келдим. Саткынчылык кылгандан көрө түрмөдө отурган жакшы да. Камала элек эч ким деле калбай калды. Атамбаевдин үйүндө эки ити калды”,-деп күлгөн. “Күлгөндүн билгени бар” дегендей, бир нерсени билген үчүн күлүп жатат да. Түрмөгө түшсө күлгөнүн көрөбүз го…

Эскерте кетсек, 7-8-августта, Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин хан сарайында экс-президентти кармоо операциясы жүргөн. Аны кармоого тарапташтары каршылык көрсөтүп, кагылышуу болгон. Жыйынтыгында, 130 адам жаракат алып, полковник Үсөнбек Ниязбеков каза болгон. “Альфанын” алты жоокери барымтага алынган. Ошол учурда Мискембаев да ошол жакта болуп, жаракат алганы айтылган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: