Menu

Ырчы Алина Жетигенова 40 миң сом товар алып, акчасын бербей качып жүрөбү?

Бөлүшүү:

Учурда ырчы Алина Жетигенова социалдык тармактарда сөз болууда. Сөз тараткан Jika Jikulya аттуу кыз. Анын айтымында, ырчы январда (жылы жазылган эмес) дүкөндөн 40 миң сомдук товар алып, ушул убакытка чейин акчасын бербей качып жүрөт.

Социалдык тармактын колдонуучусу ырчынын алган товарларынын сүрөттөрүн жайгаштырып, анын алдына: «Алина Жетигенова “концерттен кийин акчасын берип кутулам”,- деген. Андан бери 4 концерт уюштурду. Биз ага товардын акчасын эскертсек, ал кулагынын сыртынан кетирип, жооп бербей жатат. Жакында ал саат 8де (таңкыбы же кечкиби, жазылган эмес) жумушка келип, алган кийимдердин баарын тазалоочу кызматкерге таштап кетиптир. Кийимдердин абалы начар, этикеткасы, фирманын пакеттери жок. Ал боюнча Алина эжеге чалсам, ал: «каалаганыңарды кылып алгыла»,- деди. Мындан ары эмне кылаарымды билбейм», -деп жазды.

Бул маалыматты тактайлы деп ырчы Алина Жетигеновага чалып, байланыша албай жатабыз. Байланышып, бул боюнча анын да пикирин беребиз.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: