Menu

Вице-спикер Мирлан Бакиров балбан кызыбыздын машыктыруучусуна да үй белек кылууну сунуш кылды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековдун да көп жылдык эмгегин баалап, ага да үй белек кылууну өкмөттүн өкүлдөрүнө сунуштады.

«Жакында эле Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болуп, ал ийгиликке баарыбыз күбө болдук. Ал чемпиондуктун артында эбегейсиз мээнет, колдоо турат. Ат көтөргүс мээнетти кылган машыктыруучу — Нурбек Изабеков. Айтайын дегеним, күлүктү саяпкерлер таптайт. Ушундай балбан кыздарды машыктыруучулар таптайт. Президент Сооронбай Шарипович Айсулуу Тыныбековага 3 бөлмөлүү батир берип, чоң колдоо көрсөттү. Эми эстафетаны өкмөт албайбы… Нурбек Изабековго бир бөлмөлүү батир болобу, айтор, ага үй белек кылсаңыздар чоң колдоо болот. Бул Токиодо өтүүчү Олимпиаданын алдында эң чоң стимул болот. Олимпиаданын чемпиону болот деген чоң үмүттү актоого кошкон салымыңыздар болот. Ушуну карап койсоңуздар», – деди Мирлан Бакиров.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова жеңүүчү болгон. Ал 62 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, финалдык таймашта болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен беттешип, 5:3 эсебинде аны жеңип алган.

25-сентябрда, президент Сооронбай Жээнбеков дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованы, анын ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбекованы, машыктыруучусу Нурбек Изабековду, кабыл алып, жолугушкан. Жолугушуунун соңунда, президент Айсулуу Тыныбековага Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, машыктыруучусу Нурбек Изабековго акчалай сыйлык, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбековага президенттин энчилүү сааттарын тапшырган. Ошол эле күнү Айсулуу Тыныбековага ата-энеси менен президент белек кылган үйгө кирип, үйүнүн ичинен апасы менен түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактарга жайгаштырган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: