Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында депутат Айнура Аскарова Өкмөттү сынга алды. Анын айтымында, Өкмөт мектептерди куруудагы көйгөйлөрдөн дагы эле арыла албай, аны салууда өздөрүн пиар кылып келүүдө. Депутат Сокулук районундагы Каракеев атындагы мектепти мисал келтирди.
“Сокулук районундагы Каракеев атындагы мектептин жаӊы имаратынын курулушу 60-70 пайызга бүтүп калган, азыр эмнегедир токтоп калды. Ушу кантип болсун?! Өкмөт улам бир мектептин курулушун баштап коюп, баштагысын таштап салып, жалаӊ пиар менен алектенип калды. Мындай жосунду токтотуш керек. Азыр алардын аягына чейин чыгарылар-чыгарылбасына ишеним болбой калды. Андан көрө курулушу мурда башталган мектептердин имаратын адегенде аягына чейин бүтүрүп, андан кийин жаӊысын баштабайсыӊарбы”, – деди депутат.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ