Menu

Эмне үчүн президентке каршы реалдуу оппозиция активдүү эмес?

Бөлүшүү:

Бул суроо көптөрдү ойлондурат. Эмне үчүн оппозициялык күчтөр бошоң болушуп, президент Жээнбековго каршылык көрсөтүүдөн сактанышууда? Себептери бар. Биринчиден, Сооронбай Шарипович мамлекетти башкарууда чоң саясый ката кетирген жок. (Өкмөткө карата сындарды эске албаганда). Экинчиден, саясый күчтөр да амалдуу болуп алышкан, азырынча президентке каршы чыгуудан майнап чыкпасын түшүнүшүп, баары парламенттик шайлоого аттануута кызыкдар. Ошон үчүн бийлик менен урушкусу келбейт. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болобу, Жогорку Кеңештеги саткынчыларбы, бейөкмөтчүлөрбү, көчө оппозициясыбы, айтор, кайсы жээги болбосун, “соодалашуудан” үмүттөрүн үзүшө элек. Адатта, мамлекеттик деңгээлдеги чыр-чатактар шайлоолордон кийин чыгат эмеспи. Бул жагынан тышкы күчтөр да кайдыгер болушпаса керек. Ошентип, 2020-жылдын күзүндө гана Жогорку Кеңешке илинбей калгандар аргасыздан жанданышып, биригүүгө барышары жашыруун эмес. Жыл өткөн сайын Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтү да азая баштайт. Мындайда душмандар четтен чыга турганын тарыхыбыз көрсөтүп эле келатпайбы. Ошон үчүн саткынчылардан арылып, туруктуу команданы түзүү зарыл.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: