Menu

Алмазбек Эргешов, ЖК депутаты: “Соцфонд мамлекеттин бюджетине күч келтирбөөнүн жолдорун издесе жакшы болот эле”

Бөлүшүү:

– Алмазбек мырза, соцфонддун ишине кандай баа бересиз?

– Соцфондго бюджеттен 21 млрд. сом бөлүнүп атат. Ооба, биз социалдык мамлекетпиз, пенсия төлөйбүз, пособия төлөйбүз. Бирок, соцфонддун жетекчилиги дүйнөлүк практиканы карап, мыйзамдарды өзгөртүп, кандайдыр бир жолдорун издесе жакшы болот эле. Үч жыл мурда соцфонддун бюджети 18 млрд. сом эле, акырындап көтөрүлүп баратат. Барып-барып иштеген бир кишиге экиден пенсионер туура келип калышы мүмкүн. Мамлекеттик бюджеттин 18 пайызы бүгүнкү күндө соцфондго кетүүдө. Мен алар «начар иштөөдө» дегенден алысмын, бирок, мамлекеттин бюджетине күч келтирбөөнүн жолдорун издешсе жакшы болот эле. Азырынча алардан андай сунуш түшө элек.

– Дүйнөлүк практика боюнча ар бир пенсионерге үчтөн иштеген киши туура келиши керек да?

– Идеалдуу болгондо ошондой. Мисалы, Японияда ар бир пенсионерге экиден иштеген киши туура келет. Бирок, алардын жашоо узактыгы 100 жаш да. А биздики 70 жаш.

– Бизде деле азыр альтернативалык пенсиялык фондулар пайда болууда. Ушуга байланыштуу кырдаал бир аз өзгөрдүбү?

– Жок. Эчтеке өзгөргөн жок. Чет өлкөлөрдө менчик фондулар атактуу компаниялардын акцияларын сатып алып, түшкөн пайдадан фондунун акчасы көбөйө берет. Бизде биринчиден, менчик фондулар жок. Экинчиден, соцфонддун акчасы бар. Керек болсо, ашып калат. Бирок, алар ишканалардын акцияларын сатып алып, пенсионерлердин акчасын көбөйтүп аткан жери жок. Сиз менен бизден түшкөн акчаны эле айлык кылып, элге таратып берип коюп отурушат.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: