Menu

Аида Касымалиева, ЖК депутаты: “Мончонун имаратында 3-4—класстын окуучулары окуп жатат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-октябрда, парламент Өкмөттүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуп жатат. Ага министрлер менен алардын орун басарлары келип, депутаттардын суроолоруна жооп беришүүдө. Бул жыйында депутат Аида Касымалиева Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра айылында 3-4-класстын окуучулары мурдагы мончонун имаратында билим алып жатышканын айтып чыкты.

Депутаттын айтымында, 1978-жылы курулган мончодо мектеп жайгашкан. Каркырада башка имарат жок. “Балдар жакынкы мектепке баралы дешсе, өтө алыс, анан мурдагы мончодо окуганга мажбур болушууда. Ошол мончо имаратынын коңшу бөлмөсүндө айылдык фельдшер киши кабыл алат экен”,-деп капаланды депутат.

Эскерте кетсек, Нарын облусунун Кеңеш айылындагы мектеп контейнерлерде окуучулар окуп жатканы чоң чуу жараткан. Ал контейнер-мектепти аткаминерлер салтанаттуу ачышкан. Жетекчилерге сын жамгырдай жаап, коомчулук чуу жараткандан кийин, андагы билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева менен Нарындагы өкмөт өкүлү Аманбай Кайыповдо кызматынан кеткен. Бирок А.Кайыпов бат эле кызматка орношкон, тагырагы, КРнын өнөр-жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысынын орун басары болуп дайындалган. Аталган айылда 2020-жылга карата жаңы мектеп салынары убада кылынган.

 Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: