Menu

Отунбаеванын көкүрөгү тазабы?

Бөлүшүү:

Негизи Азимбек Бекназаровдун “тигилерден” артыкчылыгы алды, артын тегиз караганында дегенге негиз бар. Маселен, ал өзгөлөрдөй болуп толорсукту тиштеп тура бербей, кое бере турган мезгилде тим коер эрдиги бар. Өткөндө башкалар кылгысы келбеген иштен качпай, Атамбаевди жоктотпой эс алчу жайга бак отургузду. Башкасы буга даамак тургай ичинен Алмаздын жоктугуна кудуңдап турушту.

Ошол эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканда көзүн ала качпастан түз кебин айтыптыр. Көрсө Алмазбек Атамбаевдин оорулуу экендигине маани берип үй камагына чыгарууга үндөптүр. Эгерде капыстан жан таслим болуп кетсе доосу азыркы ажого каларын ачык билдириптир. Ошондо айрыкча Роза Отунбаева камактан чыкпашы керек деп титиреңдептир. – Атамбаевдин жакшылыгын унутуп калдыңбы, резиденциядан кууп чыккан жок, пенсияңды кыркпады, жан сакчы ордунда калды, эч бир жамандык кылган жокко десе да болбойт имиш бүшүркөп. Аны колдогондор да болуптур, бирин-экин. Мындай кепке Сооронбай ак, же көк дебегени эмнени каңкуулайт?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: