Menu

Дастан Бекешев «Бешинчи каналды» сатууну сунуш кылды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Бешинчи каналды» сатыкка коюу жөнүндө демилге көтөрүп чыкты. Ушундай видеокайрылууну ал 1-октябрда Интернетке чыгарып, сунушту премьер-министрге жазуу түрүндө жибере турганын айтты.

«Акыркы кездери баарыбыз байкагандай, «Азаттык» журналисттик иликтөө жарыяласа, ошол эле аренага биздин «Бешинчи канал» чыгат. «Бешинчи канал» – мамлекеттик. Мамлекеттик канал эркин басма сөздү сындабашы керек. Себеби, бул сын мамлекеттин атынан айтылып жаткандай түр калтырат. Мен бизге бул каналдын кереги жок деп эсептейм. Биз ага бир тыйын да бөлбөйбүз. Биз аны сатууга тийишпиз. Мен эртең эле премьер-министрге ушул сунуш менен кат жазып, «Бешинчи каналды» сатыкка коюшун айтам», – деди Бекешев.

«Бешинчи канал» 2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаев бийликтен куулгандан кийин КООРТ каналынын базасында түзүлгөн. 2009-жылы аны кийинчерээк апрель окуясы боюнча айыпталып, он жылга сырттан эркинен ажыратылган Оксана Малеваная башкарган. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн декрети менен мамлекеттештирилген. 2011-жылы Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу максатында ««Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: