Menu

Достук айылында эки бала сабалып, анын бири арыз менен милицияга кайрылса, арызын албай койгон

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Достук айылынын эки тургуну ур-токмок жеп, мээлери чайпалып, 28-сентябрда Чүй облусунун ооруканасынын травматология бөлүмүнө түшүшкөнү айтылганы менен алардын аты-жөнү ачык айтылган эмес. Таяк жегендердин бири, Достук айылынын тургуну Рамазан Дикарахунов Kaktus.media редакциясына кайрылып, окуянын чоо-жайын айтып берген. Ал аны он чакты айылдаштары сабап кетсе, ага милиция эч кандай чара көрбөгөнү тууралуу арызданган.

Анын айтымында, алар Чүй облусттук ооруканасына жеткирилип, бир топ жерлерин тиктиришкен. Токмоктолгону тууралуу милицияга арыз менен кайрылышса, анын күйөө баласынын арызын алып, Дикараховдун арызын албай, себебин түшүндүрбөй да коюшкан.

Анын билдирүүсүнө караганда, окуя 28-сентябрда болгон. Ал 80 жаштагы коңшусу менен жер тилкеси тууралуу жаман-жакшы айтыша кеткен. “Экөөбүз айтыша кеткенде, коңшум мени балка менен уруп жиберди. Ошол маалда сыртка баласы атып чыгып, чырга аралашып кетти. Турган ордубузда чырдын башын териштире баштадык. Мен баласы эркекче сөз бүтүрөлү дедим. Бирок ал баш тартып койду. Кечинде айылдын четине чакырышып, коңшуларыбыз күйөө бала экөөбүздү аябай сабап салышты. Арматура, таяк, биталар менен баш-көзгө койгулап, денебизден тамтык калган жок”, – дейт Дикарахунов.

Дикарахунов аны сабаган аз дегенде тогуз коңшусун тааныганын баса белгилеп: “Мен билгенден, бизге кол салгандардын бир нечеси актаныш үчүн Канттагы ооруканага барып жатып алышкан. Мен болгону милициянын объективдүү тескөө жүргүзүүнү жана ишти мыйзам чегинде аягына чыгарууну суранып жатам” – деп  сөзүн бүтүргөн.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: