Menu

Алмазбек Акматалиев, КРнын президентинин алдындагы башкаруу академиясынын ректору: “Көбүнчө кызуу болуп келгенде жалпыйта бир чабасың, бирок, бир жерин сындырып же көгала кылган эмесмин”

Бөлүшүү:

– Алмазбек мырза, үйүңүздө ким кожоюн?

– Албетте мен, аялым кожойке. Менсиз бир да чоң маселе чечилиши мүмкүн эмес. Ошол эле учурда үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн да пикирлери кожоюн катары эске алынат. Менин үй-бүлөмдө салт ушундай, эч кимдин жакшы ойлору көмүскөдө калбайт!

– Сиздин үйдө акчаны ким көп табат жана капчыкты ким кармайт?

– Өмүр бою эле акчаны мен көп табам. Ал эми капчыкты кармоо аялдын милдети, вазийпасы.

– Үйдө казан-аяк кагышып турабы?

– Казан-аяк кагышат, ансыз болчу беле? Себептери өтө көп: материалдык тартыштык, эркектин же аялдын көпкөнчүлүгү, кайын журттун таасири, баалуулуктар маселеси, достордун мамилеси, кызганыч ж.б.у.с.

– Байбичеңизге кол көтөргөн учурлар болду беле?

– Аны жашырбайм, жаш кезекте болгон. Көбүнчө кызуу болуп келгенде жалпыйта бир чабасың, бирок, бир жерин сындырып же көгала кылган эмесмин.

– Сулуу кыздарга көз артуу жагы кандай?

– «Сулуу кызга, күлүк атка суктанбаган эркек болбойт» дейт. Бул табигый нерсе. Ал каражан сеники эместигин убагында сезе билүү абдан маанилүү, көзүң алаңдаса да мээң иштеп туруусу абзел. Ар бир сулууну эле ээрчип кеткидей мал эмессиң да, акыры…

– Көздү май басып, көпкөн учуруңуз болгонбу?

– Ачык айтайын, эч качан көөп, көзүмдү май баскан заман болгон жок. Биринчиден, ата-энем ошондой тарбия берген. Экинчиден, Казак мамлекеттик университетинин философия факультетин кызыл диплом менен аяктап, 26 жашымда философия илимдеринин кандидаттыгын жактагам. Кыргыздын «Бүгүн бар да эртең жок, ушундай экен дүйнө бок» же «Барга көппө, жокко чөкпө» деген улуттук философия мыйзамдарын жакшы түшүнөм жана сыйлаган адаммын.

– Үйгө кеч барганда аялыңыздан заарканасызбы?

– Ортобузда адам аңдабаган сый ар дайым болуп келген. Эч качан заарканбайм жана аялым бул маселени такап сураган эмес.

– Эркектерге тийешелүү эмне жумушту аткара аласыз?

– Баардык жумуштарды аткара алам. Бирок, шаардын шартында алардын көпчүлүгүнө муктаждык жок. Эркек гана жасачу иштерден качпайм жана жасайм.

– Жакалашып мушташкансызбы?

– Албетте, жаш кезде көп эле мушташтык. Кээ бирөөсүн жакшы маанайда эскересиң, кээ бирөөсүн эмнеге мушташканың эсиңде жок. Токмоктодук, токмок жедик… Биздин убакта мурдунан кан кетсе мушташ «лып» токточу. Бүгүнкүдөй мыкаачылык жок болчу. Бирге бир гана болчу. Эгер 2-3 бала бирөөнү сабаса, коомчулук тарабынан катуу сынга алынчу, бир сөз менен айтканда, эркектикке жатчу эмес, «западло» деп эсептелчү.

– Ичимдик жагына кандайсыз?

– Биздин класстан, группадан ичип, алкаш болуп, ошол илдеттен каза болгондор да болду, заманга жараша го… Мен болсо ыгы менен ооз тийип келатам. Ылжып мас болуп, бирөөнү беймаза кылган эмесмин. «Короздонуп», «ичпейт элем» деп артистенген да жокмун. Ортодо 8-9 жыл такыр оозго ичимдик албай калган жылдар да болду.

– Бирөө мас болсо ыйлайт, бирөө күлөт, а сизчи?

– Ыйлай же күлө бергидей анча обум жок адам эмесмин. Ичимдиктин кулу болуш үчүн эмес, маанайды көтөрүш үчүн ичиш керек жана ийгиликти сөзсүз арак аркылуу «жууш» керек дегендердин катарына кирбейм.

– Стресске кабылгансызбы, андан кандай чыгасыз?

– Стресс – жашоонун бир бөлүгү экенин түшүнүү керек. Баары өтөрүн жана жалгыз сенден баардык нерсе көз каранды эмес экенин, ар бир караңгы түндүн аркасында сөзсүз жаркырап аткан таңдын коштолорун билүүбүз абзел.

– Мончонун буусун жакшы көрөсүзбү?

– Мончону көп жактыра бербейм. Керээли-кечке мончодо убакыт өткөргөндөрдү көп түшүнө албайм. Ошол эле убакта сындагым да келбейт.

– Спорттун кайсы түрү менен шугулданасыз?

– Өзүмдү жакшы эле спортсмен катары эсептейм. Ошол эле учурда спорттун кайсы бир түрү менен дүйнө чемпиондугуна жеткен эмесмин. Футбол, волейбол, баскетбол, гандбол, хоккей, стол үстүндөгү теннис менен шугулданам. А бильярдды катыра эле ойнойм. Мектепте, университеттин курама командаларында ийгилик жараткан учурлар болгон.

– Косяк кетиргенсизби?

– Косяктын ар кандай түрлөрү болот. Бир да жолу атайылап бирөөгө косяк кылган эмесмин, Кудай күбө! Билбестиктен, сезбезтиктен, бирөөгө өтө ишенгендиктен жасалган косяктар болгондур, тирүү адамбыз да… Бирок, уялып, жерге кирип кетчүдөй бир да аракет жасаган жокмун, ошого ыраазымын! Кур убада берип, тил эмизгенди билбейм. Карөзгөйлүк кылып, бирөөнүн артынан түшкөн жокмун. Элдешкис, тим эле калтырап-титиреп кетчүдөй душманым жок. Артта кызарып уялчу ыплас иштерим деле жок. «Жаманыман жакшылыгым, жалганыман чыным көбүрөөк болуш керек» деп бул дүйнөдө жашап жүргөн пендемин. «Байлыгым үй-бүлөм, бир туугандарым, досторум» деп жүргөн консерватормун. Аша чапкан байлыкка деле муктаж эмесмин, анын өз азабы бар экенин түшүнгөн адаммын.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: