Menu

Гуанчжоу шаарында Гуандун облусунун Кыргызстандык студенттеринин бирикмесин түзүүгө арналган майрамдык иш-чаралар расмий өттү

Бөлүшүү:

29-сентябрда, Гуанчжоу шаарында Гуандун облусунун Кыргызстандык студенттеринин бирикмесин түзүүгө арналган майрамдык иш-чаралар расмий өттү.

Гуанчжоу шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун өкүлдөрү, Гуандун аймагында өз ишин алып барган Кыргызстандык ишкерлер, Гуанчжоу шаарында окуган студенттер жана башка жолугушуунун катышуучулары ушундай – Кыргыз Республикасынын жарандарынын чогулуп байланышып туруу форматы актуалдуу экени жана аны өз ара колдоо кереги белгилешти. Бул иш-чаранын ичинде студенттер өздөрү койгон концерт бий программасы көрсөтүлдү.

Гуанчжоу шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун консультативдүү кеңеши менен түзүлгөн Ассоциация, башкы концепциянын негизинде – Гуанчжоу шаарында окуган кыргыз студенттерин бириктирген, коомдук, коммерциалык эмес уйум. Бул уюумдун түзүү максаттары – Гуандун аймагында жайгашкан мекендештерди бириктирүү, кыйын кырдаалдарда өз ара жардамдашуу, жаңы келген студенттерге колдоо көрсөтүү. Бул Ассоциацианын астыда коюулган пландарында – спорт тармагында сынактарды, жолугушууларды өткөрүү жана улуттук майрамдарында биргелешип чогуу иш-чараларды алпаруусу көрсөтүлгөн.

Окуучулардын биригүү уйумун түзүү идеясы Гуанчжоу шаарында туруктуу же убактылуу жайгашкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында жакшы ой менен кабыл алынды. Кыргызстандын Башкы консулдугу жана Кыргызстандык ишкерлер бул уюумдун ишине зарыл жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин дагы белгилеп кетишти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: