Menu

Автобустун эшигине буту кыпчылып калган окуучуну сүйрөп кеткен айдоочу камакка алынды

Бөлүшүү:

Кечээ, 3-октябрда автобустун эшигине буту кыпчылып калып, дөңгөлөктүн алдында калып каза болгон окуучуну байкабай сүйрөп кеткен 18-автобустун айдоочусу камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИБ жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкармалыгы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө таянсак, окуя болжол менен кечээ саат 15:30та болгон. 1985-жылы туулган С.Н. аттуу автобустун айдоочусу Маевка-Күн-Туу маршруту менен баратып, Достук айылынан жүргүнчүлөрдү түшүрө байтайт. Автобустан акыркы болуп 2008-жылы төрөлгөн, № 70 мектеп-гимназияда окуган бала түшмөк болуп, автобустун эшигине кийими илинип калганда, аны байкабаган айдоочу жүрүп кетип, окуучуну автобустун арткы дөңгөлөгү менен тебелеп кетет.

Жаракат алган бала жаракаттарынан эсине келбей, Бишкектин травмотология жана ортопедия иилимий-изилдөө борборунда көз жумган. Азыркы тапта тийиштүү экспертизалар белгиленди. Автобус айып токтотуучу жайына коюлуп, айдоочу камакка алынып, жол кыргысы Сокулук районунун ИИБдин Бирдиктүү каттоосуна алынган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

16 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: