Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Тобой айылында 2 кабат сарай өрттөнүп кеткени тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, кырсык Тобой айылындагы Саркаров көчөсүндө болгон, анын кесепетинен эки кабаттуу сарайдын 60 чарчы метр чатыры жана 340 түк чөп күйүп кеткен. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ