Мектеп окуучулары 4-ноябрда күзгү каникулга тарашары тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, окуучулар 4-ноябрдан 11-ноябрга чейин каникулга кетет. Кышында болсо 12 күнгө тарайт, 30-декабрдан 10-январга чейин окуучулар эс алат. Жазында 21-марттан 30-мартка чейин окушпайт.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ