Menu

Кыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Джусупов Вена Дипломатиялык Академиясынын ачылыш аземине катышты

Бөлүшүү:

1-октябрда Кыргыз Республикасынын Австриядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов Вена Дипломатиялык Академиясынын окуу жылынын башталышына карата ачылыш аземине катышты.

Иш-чарада Академиянын жетекчилери, профессордук-мугалимдик курамы, студенттери жана Венадагы дипломатиялык корпусу катышышты, ошондой эле ардактуу конок катары Австриянын Улуттук Кенешинин төрагасы Вольфганг Собока болду.

Аземдин ачылышында Дипломатиялык Академиянын ректору, Элчи Эмил Брикс сөз сүйлөп, Академиянын тарыхы, анын жетишкендиктери жана келечекке карата алдын ала белгиленген иш-чаралары жөнүндө маалымдады. Азыркы учурда мекеменин окуу окуучулары 49 өлкөдөн келген 205 студент бар экендиги белгиленди. Ошол эле учурда, Элчи Брикс Вена Дипломатиялык Академиясында биринчи жолу быйыл Кыргызстандын жаранын кабыл алынганын баса белгиледи.Расмий аземинен кийин Элчи Бакыт Джусупов Академиянын жетекчилиги менен кыскача жолугушуусу болуп өттү, анын жүрүшүндө Элчи Академиянын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип жана биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде жаш дипломаттар үчүн атайын курсу, Кыргызстанда Академиянын 12 студентинин сапары, жана өткөн жыл ичинде уюштурулган Чынгыз Айтматов жазуучунун 90 жылдыгына арналган чыгармачылык кечесин ишке ашыруусун белгиледи ошондой эле. Ошондой эле тараптар келечекте биргелешкен иш-чараларын жана мүмкүн болгон долбоорлорду талкуулашты.

          

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: