Menu

Өзбекстанда тогуз жаштагы кыздарга папилломага каршы жапырт эмдөө жасалууда

Бөлүшүү:

Өзбекстанда тогуз жаштагы кыздарга жапырт түрдө папиллома вирусуна каршы эмдөө жасалууда.

Маалыматтарга караганда, жалпысынан өлкө боюнча 2010-жылы туулган 400 миң кыз эмдөөдөн өтөт.

Бирок айрым ата-энелер 100-200 доллар турган эмдөөнүн бекер жасалып жатышынан күмөн санап, тынчсызданууларын билдиришүүдө.

«Бул эмдөө пайдалуу болсо эмнеге тогуз жаштагы кыздарга эле жасап жатышат? Эмнеге кымбат эмдөө каражаты бекер? Менде ойлоп табуучулар биздин кыздарды тажрыйба үчүн колдонуп жатышкан жокпу деген шектенүүлөр пайда болууда. Азырынча кызыма эмдөө жасатууга уруксат бере элекмин»,— деди Ташкенттин тургуну.

Бирок өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги эмдөөнүн пайдадан башка зыяны жок экенин билдирүүдө.

«Папиллома вирусуна каршы эмдөө коопсуз. Бул эл аралык уюмдардын баяндамаларында дагы ырасталган. Бул эмдөө каражаты тукумсуздукка же аутизмге алып келет деген интернеттеги ушактар негизсиз», — деди мекеменин Санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгынын жетекчи орун басары Дилором Турсунова.

Быйыл жазында өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Эльмира Баситханова өкмөт жети миллион долларга АКШдан папиллома вирусуна каршы жаңы эмдөө каражаттарын сатып алганын билдирген.

Папилломага каршы дүйнөдө кеңири тараган Gardasil эмдөө каражаты америкалык Merck&Co компаниясы тарабынан өндүрүлөт. 2006-жылы АКШнын Фармацевтика жана азык-түлүк агенттиги бул эмдөө каражатын тогуз жаштан 14 жашка чейинки курактагы кыздарга колдонууга расмий уруксат берген.

Айрым маалыматтарга ылайык, жыныстык жол менен жуга турган паиллома вирусу 90 пайыз учурда жатын рагына алып келет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: