Menu

Түрмөдөгү белгилүү тажик адвокаты президенттен ырайым суроодон баш тартты

Бөлүшүү:

Жакында Вацлав Гавел атындагы сыйлыктын дипломун алган тажик адвокаты Бузургмехр Ёров президенттен ырайым суроодон баш тартты. Бул тууралуу анын иниси Жамшед Ёров билдирди.

– Бузургмехр сынган жок, ал өтө күчтүү адам. Ага бир нече жолу «эл алдында кечирим сура» деп кеңеш беришиптир. Атүгүл, ырайым суроо тууралуу президент Эмомали Рахмондун атына текст да даярдашкан. Бирок ал документке кол коюудан баш тарткан. Бузургмехр өзүн күнөөсүзмүн деп эсептейт жана бошотууну талап кылат.

Жамшед Ёров агасы сыйлыкка ээ болгондон кийин ал тууралуу дүйнө коомчулугуна көбүрөөк маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтты. Ал тажик бийлиги абактагы бир тууганынын БУУ өкүлдөрү жана журналисттер менен жолугушуусуна уруксат берет, иш кайра калыс каралат деген үмүттө.

Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалган. 2016-жылы октябрда Душанбе шаардык соту ага катаал режимдеги абакка 23 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ошол эле айда Ёровго каршы «Бийлик өкүлүн кемсинтүү» жана «Сотту сыйлабоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, анын жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулган. Кийинчерээк ага каршы алдамчылык жана тажик президентин кемсинтүү айыптары менен төртүнчү кылмыш иши козголгон.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: