Menu

Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгаруу үчүн тарапташтары кол топтой баштады

Бөлүшүү:

Абакта отурган Садыр Жапаровдун тарапташтары аны бошотуу үчүн кол топтоп жатканын анын жактоочу Шарабидин Токтосунов билдирди. Анын айтымында, Жапаровду колдоо штабы түзүлүп, учурда 20 миңдей адамдын колу коюлган кагаз даяр. Аны Жогорку сотко жана президент Сооронбай Жээнбековго жолдошот.

Эскерте кетсек, экс-депутат Садыр Жапаровго 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып тагылган. Ошонун негизинде 2017-жылдын март айында, Атамбаевдин бийлигинин тушунда, Кыргызстанга кайтып келатканда, чек арадан кармалып, УКМКга күч менен алынып кеткен. 2018-жылы соту болуп, 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл, жазында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган. ЖАМК Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөөрүн, эгер ага мунапыс берилсе, анда абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: