Бүгүн, 4-октябрда Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши каралып, көптөгөн күбөлөр суралды. Кийинки сот отуруму 7-октябрга белгиленди.
Эскерте кетсек, Кубанычбек Кулматовго «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деген айып тагылса, Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.
Айыпталуучулар мурунку президент А.Атамбаевдин эң жакын адамдары, анын бийлигинде таасирлүү кызматтарда иштешкен. Атамбаев уялбай туруп, экөөн тең: “алар ак, таза иштешкен”,-деп коргоп, аларды абактан чыгаруу далалатын жасап келген. Бүгүн өзү да алардай болуп темир тор артында калды. Эми алар эмес, өзүнүн актыгын далилдей алабы?
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ