Menu

Ош милициясы: “Азаттыктын” операторунун денесинен эч кандай жаракаттын издери табылган жок”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы расмий экспертизанын жыйынтыгына таянып, «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановдун денесинен эч кандай жаракаттын издери табылбаганы тууралуу билдирүү таратты.

Алардын маалыматына караганда, мындай корутундуну соттук-медициналык экспертиза чыгарган. Экспертизанын бүтүмүндө Матраимовдордун үй-бүлөсүндө иштеген багбандын денесинен жеңил жаракат алгандыгы аныкталган. Бирок, ал Райымбек Матраимовдун тууганы эмес.

Эскерте кетсек, “Азаттыктын” айтымында, 28-сентябрда Ош шаарында оператор Айбек Кулчуманов кол салууга дуушар болгон. Ал камера, дрон менен Райымбек Матраимовдун үйүнүн жанында видеоматериал тартып жатканда, капысынан денеси чымыр балдар пайда болуп, артынан уруп, опузалап: “Райымбек Матраимовдун үйүн тартууга ким буйрутма берди?”, – деп видеотехникасын, документтерин жана машинасынын ачкычын тартып алышкан.

Жабырлануучу милицияга кайрылып арыз жазган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизде кылмыш ишин козгоп, териштирүү иши жүргөн. Ал эми Айбек Кулчуманов медициналык текшерүүдөн өтүп, дарыланган.

Ошол күнү кечки сегиздер чамасында, тартып алган техниканы үч жигит адвокаты менен милицияга алып келген. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартып койгон. Ал эми милиция журналисттерге алар да арыз жазганын билдирген. Экинчи тарап “Азаттыктын” оператору жеке менчиктин кол тийбестиги тууралуу мыйзам нормасын одоно бузуп, жеке менчик үйдү үй ээсинен уруксатсыз тартып, ал аз келгенсип, дронун башкара албай, ал бир жарандын башына кулап, ал жаракат алганын айтышып арыз жазышкан.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: