Menu

Кайыр сураган балалуу майыпка милиция жардам көрсөттү

Бөлүшүү:

Бишкектин Октябрь районунун милиция кызматкерлери муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.

Эскерте кетсек, 25-сентябрда социалдык тармактарда бир эркек киши наристесин көтөрүп алып, Бишкектин жолдорунда кайыр сурап жүргөн видеосу тараган. Милиция кызматкерлери бул видеодо – Таалай Ушумбаев, ал эми колунда бир жашар баласы экенин аныкташкан. Таалай жубайы экөө тең – майыптар, экөө тең дудук, кичинекей төрт баласы бар экен.

Кечээ аталган бөлүмдүн милиция кызматкерлери Ушумбаевдердин үйүнө мейманга барып, азык-түлүк, балдарга оюнчук, велосипед, ата-энесине акча каражаттарын тартуулашты.

“Бул милиция кызматкерлери көрсөткөн акыркы көмөк эмес, биз мындай жардамдарды уланта бермекчибиз”, – деп Октябрь районунун ИИБсинен белгилешти.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: