Menu

Студенттер министрди мугалимдер майрамы менен куттукташты

Бөлүшүү:

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин студенттери билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, студенттер Каныбек Исаковго креативдүү идеялар, мыкты ойлор көп болушун каалап, Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасындагы эпизод түшүрүлгөн картинаны белек кылышты.

Дал ушул сүрөт түшүрүлгөн картинанын сизге белек кылганыбыздын себеби бар. Айтматов бул повестти биздин өлкөнүн калыптануусуна арнаган. Ал убакта мамлекеттин өнүгүшү үчүн элдин билимдүү болушу керектигин сезген адамдар пайда боло баштаган. Эгер Дүйшөн повесттин каарманы болсо, сиз биздин замандын, Кыргызстандын билим берүү системасын жакшыртып, жаңы баскычка алып чыккан каарманы болушуңузду каалайбыз”,-деди университеттин 3-курсунун студенти Айгерим Таштанбекова.

Каныбек Исаков студенттерге ыраазычылык билдирип, алардын окууларына ийгилик каалады.

Соңунда министрлик менен университеттин студенттик парламенти билим берүү тармагындагы студенттердин идеяларын колдоо жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: