Menu

Адахан Мадумаров Кыргызстандын 90 гектар жерин, Тажикстандын 5 гектар жерине алмашкан протоколго кол койгонбу?

Бөлүшүү:

Баткен чек арасында кайталанып аткан чыр-чатактар 2009-жылы Адахан Мадумаров кол койгон протоколдун айынан болуп жатканы буга чейин жабык түрдө сөз болуп келсе, жакындан бери ачык айтыла баштады. Ошол документке таянган тажиктер азыр кыргыздарды кокодон алып, чөгөлөткөнгө аракеттенип жатканы парламенттен жарыяланды. Чоо-жайын айта кетсек, Мадумаров кол койгон протоколго ылайык, электр линиясын куруу үчүн Кыргызстандын 19 чакырым узундуктагы 90 гектар жер участогу Тажикстанга 49 жылга ижарага берилсе, тажик тарап анын ордуна Ош – Баткен – Исфана жолун кеңейтүүгө 275 метр узундуктагы 5 гектар жер аянтын Кыргызстанга бөлүп бермек. Бул жерде биздин жетекчилер шалаакылыкка жол бергени ачык байкалып турат. Биринчиси, жер тилкесин бөлүштүрүү логикалык негизде жүргөн эмес, 90 гектар жерди 5 гектар жерге алмашкан. Бул чыккынчылык эмей эмне? Экинчиси, биздин жетекчилер талаштуу болгон аймактан 5 гектар жер тилкени ижарага сураганы, ошондон кийин ал жерге дароо бак-шак тигилип, үй-жай салынып кеткени айтылууда. Кыскасы, аталган протокол кыргыздын кендирин кесип кеткени билине баштады. Дегенибиз бир топтон бери үн катпай келген генерал Исмаил Исаков «Азаттыкка» чыгып, Адахан Мадумаров тажиктерге макул болуп алгач меморандумга, кийин протоколго кол коюп бергенин айтып бериптир. Биз окурмандарга түшүнүктүү болсун деп Исмаил Исаковдун сөзүн толугу менен сунуштадык:

Курманбек Бакиев менен Эмомали Рахмон башында Кожент шаарында жолугушууда Кыргызстанга 5 чакырым, жалпысынан 5 гектар жерди жол салганга берүү боюнча макулдашкан. Кийин тажик бийлиги мына ошол жерди бербеш үчүн өз жарандарына аталган жер тилкесине бак, бадал отургузуп, үй салганга уруксат берип койгон. Кийин тажик тарап кечээгидей атайын чыр чыгарышат. Кыргыз бийлиги ошол кезде Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган Адаханды Тажикстанга жөнөткөн. Анан тажик тарап: «Биз бул жолду силерге өткөрүп берели дедик эле, бирок жергиликтүү тургундар чыр салып жатат, ошондуктан аны ижарага берүү боюнча жаңыдан макулдашалы» деген шарт коет. Анан ага макул болуп, Адахан алгач меморандумга кийин протоколго кол коюп берген. Ошонун негизинде Ошто мурдагы транспорт жана жолдор министри Нурлан Сулайманов Тажикстан менен жер тилкелерин бөлүштүрүү боюнча макулдашууга кошумча протоколго кол коюп берген. Мына ошонун негизинде аны ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун 2011-жылы Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда түшүнүп-түшүнбөй эле парламентке бекитүүгө жиберип жатпайбы. Бирок биз аны карап чыгып, аталган жер тилкелерин алмашуу «Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбейт» деген негизде корутунду чыгарып, аны бекитүүгө каршы болгонбуз – деген Исмаил Исаков.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: