Menu

Ренат Түлөбердиевдин жашырган мүлкү билинди

Бөлүшүү:

“Декларатор” долбоорунун алкагында мамлекеттик кызматкерлердин киреше, чыгаша жана мүлктөрүн изилдеген Fасtсhеск.kg бул жолу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Ренат Түлөбердиевди бутага алды. Ренат Түлөбердиев киреше жана чыгашалары тууралуу декларациясын эки жолу, 2015-жылы башкы консул болгон мезгилде жана 2016-жылы президенттин иш-чараларын башкаруу бөлүмүнүн биринчи орун басары кызматын ээлеп турганда тапшырган. 2016-жылкы декларациясын тапшырган мезгилде Түлөбердиев ири мүлкүн жашырган. Май айында ал аянты 226 чарчы метрди түзгөн турак-жайга ээ болот. Эки кабаттуу хансарай Абдрахманов көчөсү, 43/13 дареги боюнча жайгашкан. 2018-жылы Ренат Түлөбердиев хансарайын Өмүров
Бейшеналы Жусупбекович аттуу жакын тууганына ипотекага банк аркылуу өткөрүп берген.

Документтерге ылайык, эки кабаттуу хансарайдын аянты 226 чарчы метр, ал эми анын баасы белгисиз. Ошол эле учурда “КирГизия-1” аймагындагы аянты 200 чарчы метрди түзгөн 280 миң долларды чапчыган үйү бар экени айтылат.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: