Menu

Кореялык турист Алайга таза суу чыгарууга жардам берди

Бөлүшүү:

Кореялык турист жакындары менен биргеликте акча топтоп, Алай районундагы Сары-Могол айылына таза суу чыгарып берүүгө 8 млн сом акча которгон. Ал мындан 3 жыл башта аталган айылга турист катары келип, таза суу чыгарып берүүнү максат кылып кеткен.

Мындай акча келгенден кийин айыл эли, айыл өкмөт, ушул айылдын башка аймактарда жана чет мамлекеттерде иштеп жатышкан жашоочулары да каражат топтоп, жалпы 10 млн сомго Сары-Могол айылына таза суу чыгарышты. Бул тууралуу ушул айылдын тургуну айыл тургуну Кеңешбек Шайназаров билдирди.

“Жалпы эл күн сайын жумушка чыгып, бири оор жүк ташуучу авто унаасы менен курулуш материалын алып келишсе, дагы бири таш, шагыл, кум ташып берип жатышты. Дагы калгандары жумушчулардын тамак-ашына кол кабыш кылышты”, – деди ал.

Быйыл, “Аймактарды өнүктүрүу жана санариптештирүү жылынын” алкагында айылдарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик чоң долбоор башталган. Өлкөдө жалпы 1800 айылдын 653үндө таза суу жок. Анын ичинен быйыл – 2019-жылы 57 айылга мамлекеттик бюджеттин эсебинен жана кайрымдуулук, эл аралык уюмдардын жардамы менен таза суу чыгарылаары айтылган. Былтыр 2018-жылы 30 айыл таза суу менен камсыздалган.

Эмне дейбиз, ылайым эле Кыргызстанга ушундай жардам берген бай туристтер бизге көп келишсин.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: