Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 2014-жылы “Эл аралык “Манас” аэропорту” ачык акционердик коомунан оффшордук компаниялар аркылуу 5 миллион доллар чыгарылып кеткен кылмыш иши боюнча «Манас» эл аралык аба майданынын юридикалык башкармалыгын жетектеген, учурда аба майдандын «Бишкек» филиалын жетектеп жаткан Мирлан Бегалиев кармалды. Кылмыш ишинде компаниянын жетекчилиги 5 жыл мурда аэропорттун аймагында жайгашкан, ошол кезде банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 процентин сатуу тууралуу келишимге кол коюп, 100 миң сомдук акцияны 5 млн. долларга жасалма кымбат баалаганы айтылат. Ал кезде “Эл аралык “Манас” аэропорту” ачык акционердик коомун Албек Ибраимов башкарып турган. Демек, Ибраимовго дагы кошумча айып тагыла турган болууда. Бул иште Илим Карыпбековго да сыйыртмак салынышы мүмкүн экени айтылууда…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ