Menu

Министр Чодуевдин “кечиккен махабаты” Беккулуева “Береке” пансионатын мыйзамсыз менчиктештирип алганбы?

Бөлүшүү:

Улуттук көчмөндөр оюндарындагы шаан-шөкөттөр жалпы коомчулуктун назарын өзүнө оуруп, мамлекеттин эсебинен Кытайда эс алдырууга жибермекчи болгон министр Эркинбек Чодуевдин «кечиккен махабаты» Анаркул Беккулиева тууралуу уу-дуу кептин багыты башка жакка бурулуп кеткенсиди. Кыргыз журту мындай ыплас ишти көз жаздымда калтырбашы керек, моралдык жактан бузулган жана мыйзамсыз иштерди жасаган адамдарды жогорку бийликте манчыркатпастан, юридикалык жоопкерчиликке тартылышын талап кылышыбыз шарт.

Биринчиси, Чодуев министрликтеги «жакын адамы» Анаркүл Беккулиеваны буга дейре Швеция, Япония сындуу бир нече чет өлкөдө сайраңдатып, акырында Кытайга мыйзамсыз негизде шапар тептирүүгө жандалбастап жаткан маалда тузакка илингени факты. Аны Башкы прокуратура дагы тастыктап, Беккулиеванын сапарынан эки мыйзам бузууну аныктаган. Анда Беккулиеванын ээлеген кызматы министрдин орун басарынын деңгээлинде эместигин жана Кыргызстандын «Мамлекеттик органдардын тышкы саясат тармагындагы өз ара байланышы жөнүндөгү» мыйзамдын талаптары бузулганы айтылып, күнөөлүү тараптар жоопкерчиликке тартылышы керектиги белгиленген.

Экинчиси, Чодуев министрликке келгенге чейин алдамчылык менен шугулданып, «Коттон Оушен» фирмасынын бир миллион долларга чукул каражатты которуп кеткени айтылып чыккан. Аталган кылмыштуу окуя боюнча 2011-жылы 17-мартта Ош облусунун ИИМи тарабынан тиешелүү адамдарга иш козголгонун да билдик. Мындан сырткары, 2010-жылы өлкөнү канга чылаган сепаратисттердин ана башчысы болгон Жалолиддин Салохиддинов менен коюн-колтук алышып, анын «Лиматекс» пахта тазалоочу корпорациясын улутташтыруудан калкалап калган. Бул далил да Чудуевдин шойкомдуу экенин тастыктайт.

Үчүнчүсү, биз сөз кылып жаткан айыл-чарба министрлигиндеги бөлүм башчы Анаркүл Беккулуева Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы «Береке» кооперативин жасалма мөөр менен тартып алганы айтыла баштады. Көп өтпөй жамааттын арызы менен жасалма мөөр боюнча Беккулуевага кылмыш иши козголгонбу? Же суудан кургак чыгып кеткенби?

Төртүнчүсү, Беккулуева Россиянын жараны экени туурасындагы маалымат бийликтин бүт бутактарына жеткен. Жетмек турсун, Беккулуева бөлөк өлкөнүн жараны катары «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамдын 11-беренесинин 6 бөлүгүн бузганы, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланганы Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан айтылып, тез арада кылмыш ишин козгошу керектиги боюнча Башкы прокуратура өтүнүч келтирген.

Баса, жасалма мөөр боюнча кылмыш ишти «сүйүшкөндөр» жең ичинен жаптырып тынышкан экен, жакынкы күндөрү кайрадан жанданары боюнча маалыматтар келди. Тагыраак айтсак, Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары А.Осмоналиев ИИМге билдирме жөнөтүлгөнүн белгилеп, ИИМ тергөөчүсү Н.Раимкулова тарабынан токтотулган Беккулуеванын №2-16-1023 иши кайрадан иликтенерин «Береке» кооперативинин жетекчиси С.Усубалиевге билдирген. Демек, жакынкы күндөрү Беккулуеванын тайраңдаган доору бүтүп, чекит коюлганы туру. Тийиштүү органдардан мыйзамдуулукту үмүт этип туралык.

Камчы Кадыров редакциядан: Министр Эркинбек Чодуев менен айыл-чарба министрлигиндеги бөлүм башчы Анаркүл Беккулиеванын өзүм билемдиги боюнча узун сабак кеп кылып сандан-санга жазып келе жатабыз. Бирок, биздин «каармандар» ооз ачып өз чындыгын айтып койгонго жарай элек. «Унчукпаган уйдай балээден кутулат» дегендей үн-сөзсүз олтурушат. Демек, унчукпаганы макул болгонубу? Буга эмнеге чара көрүлбөйт ? Же министр Чодуевдин таяганы «таңкабы», болбосо гезит аркылуу берилген суроолорго министр мырза жооп бербейби? Суроо берилип аткандан кийин актансын да…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: